Кара-Сууда окуучулар эссе жазып, сүрөт тартып жарышты

Билим АКИpress - Кара-Сууда 5-октябрь — Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата окуучулар арасында эссе жазуу жана сүрөт тартуу боюнча сынак уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынак 9-10-11-класстар арасында өткөрүлүп, эссе жазуу сынагына аймактарда жеңүүчү болгон 11 мектептен 15 окуучу, сүрөт тартуу сынагына 25 мектептен 26 окуучу катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чара Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up