Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатты эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшайбыз, - президент

Билим АКИpress - «Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражатын эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшайбыз», - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушууда.

Ал коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаттары үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачылганын, бул акча каражатынын эсебинен Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 7, Ош шаарында 1 — окуучулар батпай жаткан жалпы 15 мектепке кошумча имараттарды куруу иштери башталганын айтты.

«Ички миграциянын айынан Чүйдө жана Бишкекте калк көбөйүп, мектептер жетишпегендиктен ушундай чечим чыккан. Бирдиктүү депозиттик эсептеги акча каражат республиканын аймактарындагы авариялык абалдагы мектептерди оңдоп-түзөөгө, жаңы мектептерди жана кошумча имараттарды курууга жумшалат», - деп белгиледи С.Жээнбеков.

Мамлекет башчысы эске салгандай, республика боюнча бардыгы болуп 198 мектеп авариялык абалда. Анын ичинен Ысык-Көл облусунда 24 мектеп, Жети-Өгүз районунда 4 авариялык абалдагы мектеп бар. Быйыл республика боюнча 6 авариялык мектептерде курулуш иштери башталат, октябрь айында Жети-Өгүз районунун Дархан айылында мектеп курула баштайт. Ысык-Көл облусунун калган 18 авариялык мектептеринде дагы курулуш иштери жүргүзүлөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up