Нарындагы окуучуларга өрттөн сактануу жолдорун үйрөтүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучуларына Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын алкагында 7-11-класстардын окуучуларына өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрт учурунда пайдаланылуучу шаймандар менен тааныштырылды. Ошондой эле окуучуларды кызыктырган суроолорго жооптор берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up