Кочкордогу мектепте «Милициянын жаш достору» тобу түзүлөт (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районунун Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинде «Милициянын жаш достору» тобу түзүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймакты тескөөчүсү Максат Ибраев билдирди.

Анын айтымында, Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун, жол кырсыктарынын алдын алуу, экстремизмге жол бербөө максатында Кочкор РИИБдин ЖИИ инспекторлору, райондун имамы Ж.Арзымкожоев түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

«Ошондой эле мектеп окуучуларына Кочкор айылындагы И.Арабаев атындагы орто мектебинин «Ак жол» жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү өз номурларын көрсөтүп беришти. Алардын атайын даярдыгын көргөн Аблес уулу Алайдар мектебинин окуучулары мектеп парламенти түзүлгөн соң, «Милициянын жаш достору» тобун түзүүнү мерчемдешти. Бул топ мектептеги кылмыштуулуктун, рэкетчиликтин алдын алып, ар кандай кылмыштарды болтурбоо үчүн күрөш жүргүзөт», - деди М.Ибраев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up