Кызыл-Кыяда окуучулар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Кызыл-Кыяда «Кызыл-Кыя шаарынын жаштары баңгизатка каршы» ураанынын астында мектеп окуучулары арасында кичи футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара ушул жылдын 22-сентябрь күнү Кызыл-Кыя ШИИБ кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында ынтымакты чыңдоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана баңгизатка каршы күрөшүү, наркомания жана токсикоманиянын алдын алуу максатында өткөрүлдү.

Спорттук мелдешке жалпысынан 10 команда катышкан.

Мелдештин жыйынтыгы менен 1-орунду Кызыл-Кыя шаарынын №7 мектеби, 2-орунду №11 мектеп жана 3-орунду №1 орто мектеби камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер ыйгарылды. Ошону менен бирге мелдешке катышкан ар бир командага Кызыл-Кыя ШИИБдин өздүк курамы тарабынан белектер берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up