Кадамжайдагы окуучулар волейбол жана футбол боюнча мелдеште ат салышты

Билим АКИpress - Кадамжай районунда мектеп окуучулары арасында футбол жана волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

25-сентябрь күнү балдардын командалары футбол, кыздардын командалары волейбол ойношкон. Спорттук мелдештин негизги максаты — окуучулардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоого үндөө жана ар түрдүү кылмыштардын алдын алуу болуп саналат.

Ал эми Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Дастан Досматовдун маалыматы боюнча, Т.Тургунов, М.Миталипов атындагы жана Кан орто мектептери менен №72 кесиптик лицейдин окуучулары дени сак жашоого үндөгөн спорттук мелдешке активдүү катышты.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү командаларга айыл өкмөтү тарабынан белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up