Нарындагы окуучуларга кесип тандоо боюнча багыт берилди (сүрөт)

Билим АКИpress - 25-сентябрь күнү Нарын жаштар ордосунда жаштарды жана мектеп окуучуларын кесипке багыттоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тегерек столдун максаты — жаштарды билим алууга үндөө жана келечекте туура кесипти тандоосуна багыт берүү болуп саналат.

Иш-чара Германия эл аралык кызматташтык уюмунун колдоосу астында Нарын жаштар ордосу, бир катар кызматташтык уюмдар, Нарын шаарындагы орто мектептердин директорлору, мугалимдери, Нарын мамлекеттик университетинин, кесиптик лицейдин мугалимдери, ЖИА, жумуш берүүчүлөр менен бирге ишке ашырылды.

Нарын облустук жаштар кеңешинин төрагасы Талант Ниязбеков иш-чарага келген окуучуларга дээрлик көп убактысын билим алууга, китеп окууга жумшап, кыялданган нерсеге азыртадан аракет кылып, 10дон ашык тилди үйрөнүп, кыялдарын ишке ашырууга кеңеш берди. Ошондой эле аң-сезимди кеңейтип, изденүү менен жүрүү керек деп, окуучуларга шык берүү менен алардын кызыккан суроолоруна жооп берди. Андан соң окуучулар атайын даярдалган оюндарга катышып, чакан белектерге ээ болушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up