Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев окуучуларга кеңеш берди (сүрөт)

Билим АКИpress - 24-сентябрда Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара окуучуларды кесипке багыттоо максатында уюштурулуп, ага мэриянын кызматкерлери, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Жолугушуу учурунда Э.Топчубаев окуучуларга шаарда жаӊы ачылып жаткан өндүрүштүк ишканалар жөнүндө маалымат берип, ал жерлерде ар түрдүү адистиктер боюнча жетишпеген кызматкерлерди атап, шаардын, өлкөнүн өнүгүүсүнө керектүү, заман талап кылган кесиптерди белгилеп кетти. Ошону менен бирге ар бир кесип ардактуу экенин айтып, кесип тандоодо ата-эне, мугалим менен кеӊешүү зарыл экенин белгиледи.

Иш-чара окуучулардын шаар жетекчисине узаткан турмуш жана эмгек жолу жөнүндө, кесип тандоодо түрткү болгон себептер жана башка суроолору менен уланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up