Чүйдөгү №1 мектептин окуучулары райондук тил майрамына катышты

Билим АКИpress - Чүй облусунун Чүй районундагы №1 орто мектептин окуучулары Чүй райондук маданият үйүндө өткөн Мамлекеттик тил күнүнө карата райондук иш-чарага катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, концерттик программа менен коштолгон иш-чарага №1 мектептин окуучуларынан башка, балдар-өспүрүмдөр чыгармачыл борборунун окуучулары, Чүй аймактык ооруканасынын, маданият үйүнүн кызматкерлери, китепканачылар да катышты. Анда тил боюнча окуучулардын көргөзмөлөрү тартууланып, атайын даярдалган ыр-бийлер аткарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up