Фрунзе №1 мектеп-лицейинде ар улуттун балдары кыргыз тилинин гимнин аткарышты

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе №1 мектеп-лицейинде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чарада «Манас» эпосунан үзүндү ыйтылып, интермедия аткарылып, кыргыз тилин даңазалаган көркөм ырлар айтылды жана тил жөнүндө улуу окумуштуулардын учкул сөздөрү баяндалды. Ошондой эле окуучулар тил жөнүндө акыйнек айтышты. Аягында мамлекеттик тил гимнин ар улуттун балдары пианинонун коштоосунда аткарышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up