Нарындагы «Ынтымак» бала бакчасынын директору болуп Гүлмира Чымырбаева дайындалды (сүрөт)

Гүлмира Чымырбаева
Гүлмира Чымырбаева

Билим АКИpress - Чымырбаева Гүлмира Базарбековна Нарын шаарындагы №17 «Ынтымак» бала бакчасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Г.Чымырбаева 1972-жылы Ысык-Көл облусунун Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында төрөлгөн. 1989-жылы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылындагы орто мектепти аяктап, 1995-жылы Бишкектеги И.Арабаев атындагы педагогикалык университетинен жогорку билимге ээ болгон.

1995-1996-жылдары Нарын районундагы Жалгыз-Терек орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган. 1996-1999-жылдары Нарын шаарындагы №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинде, 1999-2015-жылдары И.Ибраев атындагы мектебинде чет тили мугалими болуп эмгектенген. 1995-1996-жылдары №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинде директордун тарбия иштери боюнча орун басары кызматын аркалаган.

2016-2019-жылдары №4 «Наристе-Нур» бала бакчасынын директору болуп иштеп келген.

Г.Чымырбаева Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн, Нарын шаардык мэриясынын, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланган.

Мугалим үй-бүлөлүү, 1 уул, 3 кыздын энеси.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up