Кара-Суудагы кыздар кыргыз тили боюнча сынакта ат салышууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Суу районундагы аялдардын окуу борборлорунда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленип, кыргыз тили боюнча сынактар уюштурулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүндөгү «Кадича» аялдардын окуу борборунда мамлекеттик тил күнү белгиленип, сынактар уюштурулуп жатат. Сынактардын жыйынтыгы 30-сентябрда атайын уюштурулган фестивалдын жүрүшүндө чыгарылат.

Кара-Суу районунда аялдардын 4 окуу борбору, 7 медресеси жана Ислам институту бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up