Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айылындагы мугалимдер ыр кесе тартуулашты

Билим АКИpress - Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айыл аймагында мугалимдер арасында ыр кесе кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалым болгондой, өткөн жылы Кадамжай районунун мугалимдери арасында ыр кесе өткөрүү демилгеси көтөрүлгөн. Бул саамалык колдоо тапкан соң, биринчилерден болуп ыр кесени Чаувай айыл аймагындагы Бөрүбай Кулбаев орто мектебинин мугалимдери өткөрүшкөн. Андан кийинки ыр кесени өткөрүү Кыргыз-Кыштак айылындагы Ташыбек Тургунов орто мектебинин мугалимдер жамаатына сунушталып, анын негизинде 25-сентябрь күнү ыр кесе болуп өттү.

Иш-чарада мугалимдердин окуу куралдары, окуучулардын колунан даярдалган азык-түлүктөр көргөзмөгө коюлду. Ошондой эле иш-чарада Ата Мекен, туулган жер, каада-салт тууралуу жана элдин улуулугун, жерибиздин кооздугун даңктаган ырлар аткарылып, комузда күүлөр чертилип, мугалимдер ар улуттун бийлерин аткарышты. Ак элечек кийген апалар да хор ырдашты.

Кийинки ыр кесе Тамаша айылындагы мугалимдерге сунулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up