№1 Лебединовка мектеп-гимназиясында Мамлекеттик тил күнү белгиленди (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгын белгилөө боюнча планынын негизинде №1 Лебединовка гимназия мектебинде иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук усулдук бөлүмдүн башчысы Чолпон Тентимишева аймактык кабарчыга айтып берди.

Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдер жана окуучулар катышты.

«Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынын 30 жылдыгын салтанаттуу түрдө белгилөө улантылууда. Мындай иш-аракеттердин алкагында №1 Лебединовка гимназия-мектебинде тил майрамын өткөрдүк. Анда райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Нурлан Сулайманов куттуктоо айтып, кыргыз тилинин көөнөрбөс улуулугун, кылым карыткан элибиздин жашоо турмушундагы тилибиздин улуулугун даңазалады. Иш-чарада кыргыз адабий чыгармалар сахналаштырылып тартууланды. Комуз күүлөрү чертилип, улуттук бийлер аткарылды. Элдик музыкалык аспаптарда кол ойнотулуп, улуттук кийимдердин көргөзмөсү болду. Мамлекеттик тилдин өнүгүшү боюнча түрдүү ой-пикирлер айтылып, эне тилибизди урматтоого, аны туура жана таза колдонууга чакырыктар ташталды. Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тил майрамынын соңунда райондук билим берүү бөлүмү тарабынан алдыңкы 3 кыргыз тилчи мугалимге ыраазычылык кат тапшырылды», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up