Чүй менен Токмокто мектеп ишин башкаруу боюнча жаш жетекчилердин семинары өткөрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Токмок шаарындагы №2 орто мектебинде Чүй-Токмок райондук билим берүү бөлүмү тарабынан жаш жетекчилер үчүн практикалык мүнөздөгү семинар өткөрүлдү. Мындай маалыматты райондук окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы Халима Мадалинова аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, окуу-тарбиялоо мекемелеринин жаш директорлоруна жана окуу бөлүмүнүн башчыларына мектеп ишин башкаруудагы учур талаптары боюнча усулдук жардам көрсөтүлдү.

«Район-шаарыбыздагы окуу-тарбия мекемелеринин жаш жетекчилерине арналган практикалык семинарга көп тажрыйбага ээ жетекчилерди да чакырганбыз. Алардын бири — тажрыйбалуу усулчу Раиса Касалапова билим берүү мекемелеринде ички көзөмөлдү жүргүзүү жана башкарууну учур талабына шайкеш оптималдаштыруу боюнча кеңири мазмунда көргөзмөлүү баяндама жасады. Ошондой эле өз иш тажрыйбасына таянуу менен алдыңкы педагогикалык табылгаларды синтездештирүүгө токтолду. Жаш жетекчилер да түрдүү ой-пикирлерин айтуу менен санариптештирүү учурунда электрондук окутуу, интернет булактарын билим берүүдө колдонуу ж.б. маселелерди талкуулашты.

Албетте, мындай типтеги иш-аракеттер жыл сайын өткөрүлүп келет. Окутуунун жаңы технологияларын алдыңкы планга койгон семинар сапаттуу билим берүүгө жол ачат», - деди Х.Мадалинова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up