Төмөнкү Ала-Арча орто мектебинде ата-энелер үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча орто мектебинде ачык эшик күнү өткөрүлдү. Анда ата-энелер мектепке саякат жасоо менен спорттук-маданий иш-чараларга күбө болушту. Бул тууралуу аталган мектептин директору Нурия Жетимишбаева аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, иш-чарага ата-энелер, мектептин 2009-жылкы бүтүрүүчүлөрү, мугалимдер жана коомдук бирикмедеги окуучулардан түзүлгөн командалар катышты.

«Мектебибизде ар кандай иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп келет. Биз билим берүүнүн тарбиялык маанисин класстан жана мектептен тышкаркы иш-чараларда кеңири ачыктайбыз. Мында ата-эне, мугалимдер жана окуучулар үчилтигинин педагогикалык кызматташтыгы окутуунун жаңы технологияларынын негизинде жүзөгө ашырылат. Ачык эшик күнү өзүнүн актуалдуулугу, массалык деңгээлде болгону менен айырмаланды. Анда коомдук бирикмедеги окуучулардан түзүлгөн «Жаш инспекторлор», «Патриоттор», «Милициянын жаш достору» жана «Жаш өрт өчүрүүчүлөр» командалары иш-чаранын катышуучуларына өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жол коопсуздугун сактоодо жолдо жүрүүнүн эрежелерин билүү зарыл экенин тастыктап, тилсиз жоодон сактанууда жаш өрт өчүрүүчүлөр алгачкы жардамдарды кандай шартта, жагдайда көрсөтүү керек экенин аныкташты.

Андан кийин катышуучулар мектепке саякат жасап, көп кабаттуу билим уябыздын залдары, класстык бөлмөлөрү менен таанышты. Ошондой эле күн санап мектептин материалдык-техникалык базасы чыңдалып бара жатканын да белгилешти. Саякатта окутуунун жаңы инновациялык табылгаларын чыгармачылык менен мугалимдер колдонуп жатканын да белгилеп өтүштү», - деп айтып берди Н.Жетимишбаева.

Ал жаштардын ден соолугун чыңдоодо спорттук таймаштар, түрдүү формаларда жолугушуулар өткөрүлүп келе жатканын кошумчалады.

«Бул күнкү иш-чара спорт залда улантылып, «Атам, апам жана мен — ынтымактуу, бекем спорттук үй-бүлөбүз» аттуу эстафета өткөрүлдү. Андан соң 2009-жылы мектепти бүтүргөндөр менен учурдагы 10-11-класстардын окуучулары спорттун баскетбол түрү боюнча таймаш өткөрүштү. Көп тармактуу түшүнүктү өз алкагына камтыган ачык эшик күнү жакшы даярдыктар менен өтүлгөнүн катышуучулар белгилешти», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up