Нарындагы окуучуларга кылмыштуулуктун алдын алууну түшүндүрүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы орто мектептин окуучуларына өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 27-сентябрь күнү Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушуу өткөрдү.

Нарын шаардык өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү жана диний кызматкер катышкан бул семинарда кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган сабактар өтүлүп, Нарын казыяты тарабынан тартылган видеороликтер көрсөтүлдү. Мектеп окуучуларын ынтымакка, биримдикке, билимдүүлүккө умутулууга чакырган бул иш-чаранын жүрүшүндө мектеп директору жана социалдык педагогдор да сөз сүйлөп, учурда тарбияга көбүрөөк көңүл буруу керек болуп жатканын баса белгилешти.

«Ар бир окуучунун максаты, кыялы болушу керек. Ошол кыял окуучуну алдыга жетелейт. Кыял болмоюн, ийгилик жаралбайт. Андыктан бардык окуучуларды кыялданууга, максат коюуга чакырам», - деди К.Орозалиев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up