Ысык-Атадагы окуучулар 3 айылды тазалашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Рот-Фронт айылындагы Д.Мамашова атындагы орто мектебинин окуучулары үч айылда ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу ишембиликке катышуучулардын бири — 11-класстын окуучусу Аскербек кызы Жазина билдирди.

«Биздин мектептин президенти Изат Турдубеков башында турган жүздөй окуучу Рот-Фронт айылынын көчөлөрүн тазалап чыктык. Ошондой эле Тельман жана Сын-Таш айылдарына да ишембиликке бардык. Биз таза айыл үчүн бул демилгени колдоп келебиз», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up