Кеминдик окуучулар өрт өчүрүүчүлөрдүн имаратында машыгуу өткөрүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районунда кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлыктын алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Иш-чарага райондон тандалып келген 12 мектептин окуучулары катышып, өрт өчүрүүчүлөрдүн имаратында машыгуу өткөрүштү.

«Иш-чаранын негизги максаты — адамдын өмүрүн сактап калуу, кырсыктардын алдын алуу, кырсык учурунда өзүн алып жүрүүнү, биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөтүү, куткаруучулук кесипти даңазалоо.

Мептерде класстык сааттар, куткаруучулук кесип, эвакуациялар жөнүндө сүрөт тартуу, эссе жазуу сынактары, машыгуулар өтүп жатат. Райондогу 12 мектептин окуучулары келип, биринчи жардам көрсөтүү, өрт өчүрүү боюнча машыгуудан өтүштү. Тобокелдерди азайтуу боюнча районубузда бул иштер уланат», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up