Нарындагы №4 мектепте А.Аттокурова атындагы кол эмгек кабинети ачылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинде Арапкан Аттокурова атындагы кол эмгек кабинети ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 30 жылдан бери педагогикалык иште талбай эмгектенген А.Аттокурованын үй-бүлөсү демөөрчүлөрдү таап, ички жасалгаларын бүткөрүүгө жалпы 500 миң сом жумшашкан. Ички жасалгасына 111 миң сом короп, 90 миң сомдук эмерек, 11 миң сомго терезе парда, 2 миң 200 сомго газ меши менен камсыз болуп, 59 миң сомго эшик-терезеси алмаштырылды. Мындан тышкары, окуучулар үчүн 45 миң сомго 3 даана тигүүчү машина жана 90 миң сомго класстар үчүн 20 даана жаңы такталар алынып келди.

Кабинеттин ачылышына Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов жана А.Аттокурованын туугандары, бирге иштеген замандаштары, окуучулар, мугалимдер катышты.

Аттокурова Арапкан Оморовна 1960-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Байрак айылында төрөлгөн. 1983-жылы Ош педагогикалык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1986-жылы Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев орто мектебинде кол эмгек мугалими болуп иштөөдөн баштап, ушул күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келет. Учурда ардактуу эс алууда болсо да, окуучуларга сабак берүүдө талбай эмгектенип жатат. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси жана бир нече ардак грамоталар менен сыйланган.

А.Аттокурова 2 уул жана 2 кыздын энеси.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up