Нарындагы Ж.Мамбетов мектебинин окуучуларына ысык тамак бериле баштады (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районундагы Ж.Мамбетов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын окуучулары жаңы окуу жылынан тарта ысык тамак иче баштады. Бул тууралуу аталган мектептин директору Алена Калназарова аймактык кабарчыга билдирди.

Билим берүү жана илим министрлиги менен БУУнун Азык-түлүк программасы аркылуу мектептин ашканасы толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, стандартка ылайык жасалгаланган. Айыл өкмөт тарабынан кошумча 80 миң сом, ата-энелер тарабынан 60 миң сом берилип, суу-санитардык коммуникациясы, саркынды суу агуучу жай, электр жабдыктары толугу менен оңдолду. Ошондой эле ашкана заманбап үлгүдөгү нан бышыруучу, камыр жууруучу жана тамак даярдоочу жабдыктар менен толук камсыз болду.

Учурда башталгыч класстардагы 97 балага 16 сомдун (мамлекеттен 10 сом жана ата-энелерден кошумча 6 сомдон) ысык тамагы берилип жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up