Ноокатта мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата облустук семинар өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ноокат районунда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата «Мамлекеттин келечеги — мамлекеттин тилинде» аталышында облустук семинар болуп өттү. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Семинарга Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Алмагүл Телекманова, Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаева, облустун райондорунун акимдеринин орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп директорлору катышты.

Иш-чара райондогу бала бакча жана мектептер тарабынан даярдалган көргөзмөлөр менен таанышуудан башталып, анда тилди даңазалоо багытында жасалган көргөзмөлөр менен таанышышты. Мындан сырткары маданият үйүнүн алдында «Мамлекеттин келечеги — мамлекеттик тилинде» аталышында маданий композиция уюштурулуп, келген конокторго мектеп окуучуларынын жана маданият үйүнүн кызматкерлеринин катышуусу менен концерттик программа көрсөтүлдү.

Семинардын экинчи бөлүгүндө окутуу кыргыз тилине өткөн улуттук мектептердин арасынан М.Улугбек атындагы жана Көк-Жар гимназиялык класстары бар инновациялык билим берүү мекемесинде уланып, анда да катышуучулар окуучулардын эмгектери менен таанышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up