Кочкордогу мектеп-гимназиянын окуучулары ардагер мугалимдерге концерт тартуулашты (сүрөт)

Билим АКИpress - 1-октябрда Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында Эл аралык карылар күнү белгиленип, адабий-музыкалык кече уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага мектепте иштеп кеткен ардагер мугалимдер чакырылган.

Кеченин жүрүшүндө окуучулар «Манас» эпосунан үзүндү айтып, энелерге арналган ырларды аткарып, кыргыз бийин бийлеп, улуулар жөнүндө накыл сөздөрдү айтып, ырлардан көркөм окуп, сахналаштырылган номурларды крсөтүштү. Ал эми мектеп директору Тынчтыкбек Турсуналиев жана класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Айнура Касымалиева ардагерлерге ыраазычылык билдирип, каалоо-тилектерин айтышты.

Өз кезегинде ардагерлер мектеп жамаатына ийгилик каалашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up