Кызыл-Белес айылындагы мектепте Карылар күнү белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинде Карылар күнү белгиленди. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Нагима Токтосунова аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 1-октябрда Карылар күнүнө карата аталган мектепте салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, анда айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев жана мектеп директору Асыл Кожекова карыяларды майрамы менен куттукташты. Андан сырткары «Карынын кебин капка сал» аттуу мектеп окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up