Нарындагы А.Жутакеев мектебинин окуучулары айылын тазалашты (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районундагы А.Жутакеев атындагы орто мектебинин окуучулары айылда тазалыкты сактоо максатында жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептен билдиришти.

Маалым болгондой, жүрүш Жан-Булак айылындагы мектептин парламенти тарабынан уюштурулуп, ага жогорку класстын окуучулары катышты. Колдоруна айыл тургундарын тазалыкка үндөгөн ураан-чакырыктарды көтөрүп алышып, айыл ичин аралап, баракчаларды таратып чыгышкан. Ошондой эле айыл ичиндеги көчөлөрдү таштандыдан арылтып, көчөнү, үйлөрдүн жана короо-жайлардын айланасын иретке келтиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up