23 жаштагы мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» болду — Бактыгүл Жапар кызынын ийгилиги

Жаңылыктар | 16:03, 4-октябрь 2019 | Жаңыртылган 18:20, 4 октябрь 2019 | 3 919
Бактыгүл Жапар кызы
Бактыгүл Жапар кызы

Билим АКИpress - Ош шаарындагы №50 П.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын география мугалими Бактыгүл Жапар кызы «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды. Ал — Ош шаарындагы «Жыл мугалими-2019» жана «Жаш мугалим-2019» сынактарынын жеңүүчүсү.

Бактыгүл болгону 23 жашта. Ал ийгиликтерге кантип жетишкени тууралуу Билим АКИpress басылмасына айтып берди.

«Мугалимдик кесипти аркалап баштаганыма 3 жылдын жүзү болду. Бул жылдар аралыганда көптөгөн сынактарга катышып, ийгиликтерге жетүүгө аракет кылдым. Эмгек текке кеткен жок. Ушул жакка келип, сыйлык алып жатканыма сыймыктанып жатам. Чынында, күткөн эмесмин. Оштогу «Жылдын мыкты мугалими» сынагын жеңгенде Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасына ээ болгом. Эми «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин тагындым. Азыр аябай толкунданып, мугалим болгонума дагы бир ирет сыймыктанып отурам», - деп сезимдери менен бөлүштү жаш мугалим.

Бактыгүл мугалимдик кесипке кокусунан келип калган эмес. «Бала кезимден берки кыялым — мугалим болуу эле. Өзүм Алайдын Корул айылында төрөлүп-өскөм. Мектептеги мугалимдеримен таасирленип, мугалим болгум келчү. Мектепте окуп жүргөндө географиядан олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды алчумун. Сабак берген эжейимдин аты да Бактыгүл эле. Ошондон улам классташтарым да «Бактыгүл эже болосуңбу?» дешчү, «ооба» деп жүрүп, география мугалими болуп калдым.

Мектепти бүткөндөн кийин ОшМУнун география жана табият таануу факультетине тапшыргам. Окууну бюджеттик негизде бүткөндүктөн, №50 П.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясына 3 жыл иштеп берүүгө бөлүнгөм. Бул мектеп — алгачкы иштеген мектебим, кесиптештериме да жакын болуп калдым. Башка мектепке иштеп кетүү ою азырынча жок. Мектептердин айырмасы деле жок. Кайсы мектепте болбосун, өзүңдү мыкты көрсөтүп иштесең жетиштүү. Негизи, сабак өтүп жатканда биринчи кезекте окуучунун көңүлүн бурдуруп, өзүңдү сүйдүрүшүң керек. Окуучулар менен тил табышып, өз предметимди жакшылап окутууга аракет кылам. Азыр заман талабына жараша жаңы ыкмаларды, жаңы технологияларды колдонуп сабак өтөм», - деп айтып берди ал.

Бактыгүл «Жыл мугалими» сынагына кантип катышып калганы тууралуу да кеп козгоду. «Жаңы жумушка орношкондо бул сынакты көрүп, аябай катышкым келген. Бирок «стажым жок, окуучуларымды олимпиадага чыгарып, жыйынтык көрсөтөйүн» деп, катышкан жокмун. Кийинки жылы алдын-ала даярдана баштадым да, жетекчиликке «сынакка катышайын» деп сунуштадым. Мугалимдер колдошту. Өзүм аябай ниеттенип, аракет кылдым, күнү-түнү даярдандым. Бул — аракетибиздин жыйынтыгы деп ойлойм.

Окуучуларды олимпиадага даярдап, алар шаардык этапта байгелүү орундарга жетишти. Ош шаарында «Мугалимдердин диагностикалык аттестациясы» бар. Анда мугалимдер тест тапшырабыз. Өзүмдүн предметимди билүү боюнча алдыңкы ондуктун 2-сабында турам», - дейт Бактыгүл Жапар кызы.

«ОшМУдагы география факультетинде сабак берген мугалимдерди баса белгилеп, айтып кетким келет. Мага дайыма жардам берип, колдоо көрсөтүп турушат», - деп кошумчалады билим берүүнүн мыктысы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up