Алайда «Эне тилим — ыйыгым» аттуу иш-чара өттү

Билим АКИpress - Алай районунун Отунчиев атындагы орус тилдүү орто мектебинде Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата «Эне тилим — ыйыгым» аттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн методикалык бирикмесинин жетекчиси Көчкөн Каримов, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Султанбек Каришов катышты.

Бул иш-чараны аталган мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Нурзида Калдыбаева, Бермет Шананова, Назгүл Кожоева, Ишенгүл Сатыбаева жана Бааргүл Жээнбекова уюштурушкан.

Кеченин жүрүшүндө кыргыз тили жөнүндө көркөм окуулар, жаңылмачтар, макал-лакаптар орун алып, «Манас» эпосунан үзүндү жана комуз күүлөрү жаңырды. Ошондой эле сатиралык көрүнүштөр аткарылды. «Эне тилде сүйлөйлү» темасынын алкагында обондуу ырлар жаңырып, акыйнек айтышты. Дубал гезиттер чыгарылып, слайд көрсөтүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up