Ат-Башыдагы ата-энелерге кантип туура тарбия берүү керектигин айтып беришти (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында окуучулар жана ата-энелерге тарбия берүү боюнча семинар уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Семирнарга Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев, «Биздин Муун» кайрымдуулук мекемесинин жетекчиси Кошой Мөндүрбаев катышып, Ат-Башыдагы окуучулар менен ата-энелерге сабак өтүштү.

Иш-чаранын соңунда жаштардын аткаруусундагы флешмоб орун алып, сүрөт, видео кароо-сынактары уюштурулду.

Семинардын максаты — райондун окуучуларынын билим деңгээлин көтөрүү жана ынтымакка чакыруу.

Ат-Башы районундагы «Биздин келечек» жаштар уюмунун төрагасы Максат Алмакуновдун айтымында, иш-чаранын алкагында окуучуларга мотивация берүүчү окуу болду. «Биринчи сессиябыз ата-энелерге арналып, балдарга заман талабына ылайык кандай туура тарбия берүү керектиги айтылды. Жаштар уюму ар дайым билим берүү тармагына колдоо көрсөтөлү деген тилектерибиз бар. Иш-чараны Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы колдоп, биргеликте ийгиликтүү өткөрүп алдык. Экинчи семинарда окуучуларга ынтымак, ийгиликтүү адамдар жөнүндө Нарын казыятынан келген спикерлер айтып беришти. Биз ушундай иш-чараларды дагы да уюштура беребиз», - деп айтып берди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up