Ат-Башыдагы К.Мамбеталиев мектебинин жамааты ардагер мугалимдерди сыйлады (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин мугалимдери ардагерлерди Мугалимдер күнү менен куттуктап, сый тамак уюштурушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Аталган мектептин директору Айнагүл Молдалиеванын айтымында, иш-чарага мектепте көп жыл иштеп кеткен ардагер эжей-агайлар чакырылды.

«Азыр шаарда жүргөң 40ка чукул ардагерибиз бар. Иш-чарага 18 ардагер мугалим келди. Ардагерлерибиздин алды 90 жашка чыгып калды», - деди мектеп директору.

Ошондой эле айрым кызматкерлерге Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн ардак грамотасы тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up