Чет-Нурадагы бала бакчага оюн аянтчасы курулду (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Нура айылындагы бала бакчага балдар үчүн оюн аянтчасы курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айылдагы Б.Бекжанов атындагы орто мектебинин 1987-жылкы бүтүрүүчүлөрү демилге көтөрүшүп, тез аранын ичинде курулуш иштерин бүткөрүп беришти. Аянтча заманбап үлгүдө жасалгаланып, балдар ойноо үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

«Аянтчаны жасалгалоого 40 миң сомдун тегерегинде акча каражаты керектелди», - деди бала бакчанын башчысы Тынчтык Бейшалиев.

Учурда бакчада 50 бала тарбияланып, 5 тарбиячы эмгектенет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up