Мугалимдер күнү: КМУнун бир катар окутуучулары сыйлыктарга татыды (сүрөт)

Билим АКИpress - 4-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде мугалимдердин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарада университетте эмгектенген бир катар окутуучуларга университеттин грамоталары, айрымдарына Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы тапшырылды. Ошондой эле айрым окутуучулар Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын грамотасы менен сыйланышты. Аларга сыйлыкты аталган комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев тапшырды.

Иш-чаранын алкагында университетти бүтүп кеткен белгилүү инсандардын өмүр баяны, кызыктуу маектери камтылган «В.В.Маяковский атындагы кыргыз кыз- келиндер педагогикалык институтунун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү» деген китептин бет ачары болду.

Салтанаттуу кечеге СССРдин эл артистти К.Сартбаева, КР Эл акыны Г.Момунова, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Р.Айтматова, КР маданиятына жана илимине эмгек сиңирген ишмерлери С.Челпакова, А.Абдыгулова, Г.Молдоева, А.Нарбаева, илимдин докторлору жана профессорлору: К.Сариева, А.Калдыбаева, А.Райымкулова, Н.Сартбекова, К.Төрөгелдиева, Ш.Кадырова, Ч.Тулеева, Э.Токсомбаева, С.Садыкова, Г.Орозова жана башкалар ардактуу конок катары катышты. Аларга «КМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү» деген наам ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up