Окуу китептери боюнча жаңы жобо кабыл алынып, механизмдер өзгөрөт, - Билим берүү министрлиги

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковөлкөдөгү райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Министр билим берүү башкармалыктарынын аймактардагы жетекчилерин бир жерге чогултуп, пикир алышуу жолу менен коомчулук тарабынан айтылып жаткан сындар жана учурда жаралган актуалдуу маселелерди талкуулап, өнүгүү багыттарын белгиледи.

Исаков билим берүүнүн сапаты, мектептердеги фонддорго мажбурлап акча чогултуу, окуу китептеринин сапатындагы жана мазмунундагы кемчиликтер, авариялык мектептердин абалы, мектеп жана бала бакчалардын курулушунун сапаты, мугалимдердин социалдык шартын жакшыртуу, статусун көтөрүү, билимин өркүндөтүү, кагаз иштерин электрондоштуруу жана мектеп ишин уюштуруудагы кемчиликтерди айтып, ар бир маселени системдүү чечүүгө киришүү керектигин белгиледи.

«Билим берүү жана илим министрлигинин ишин жакшыртуу үчүн структуралык реформаларга барабыз. Ашыкча түзүмдөрдү жоюп, санариптешүүгө өтүүнү тездетишибиз керек. Ар бир көйгөйдү системдүү чечүү менен билим берүүнүн башкы мекемесинин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл», - деди Исаков.

Ал кошумчалагандай, министрлик коомчулукка ачык-айкын болуп, бардык түшкөн арыз-даттануулар, сунуш-пикирлерге ыкчам жооп берүү системасы жолго коюлушу керек. Жарандардын кайрылуулары үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыгуу пландалып жатат.

Жакынкы убакытта билим берүү мекемелеринин бирдиктүү маалымат реестери түзүлөт. Мында билим берүү түзүмүндөгү бардык маалымат электрондук түрдө сакталат. Мектеп, бала бакча, педагогодор, билим берүү программалары, ЖОЖдор боюнча маалымат камтылат жана ал «Түндүк» системасына кошулат.

К.Исаков электрондошуп жаткан доордо билим берүү мекемелеринин иши да тез арада санариптешүүгө багытталышы керек деп эсептейт. Министр бул аркылуу коррупциялык элементтерге бөгөт коюу механизми жөнгө салынарын белгиледи.

Мындан сырткары окуу китептеринин жазылышы, чыгышы, сапаты, мазмуну жана жасалгасы боюнча жаңы жобо кабыл алынып, механизмдер өзгөрөрүн кошумчалады. Буга чейин айтылган коомчулуктун, адистердин, эксперттердин сын-пикирлери, топтолгон көйгөйлөрдүн жыйындысы терең талданат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up