«Сыйлык алууда жаштыгым тоскоол болсо, анда айла жок», - Бактыгүл Жапар кызы

Бактыгүл Жапар кызы
Бактыгүл Жапар кызы

Билим АКИpress - Жапар кызы Бактыгүл социалдык тармактардагы талкууга жооп берди. 23 жаштагы мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин алгандан кийин интернет айдыңында катуу талкуу жаралган.

«Мен Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясында география мугалими катары 3 жылдан бери эмгектенип келем. Бюджеттик негизде жогорку окуу жайын аяктагандыгыма байланыштуу келишим боюнча 3 жыл иштеп беришим керек жана андан кийин да педагогикалык ишмердүүлүгүмдү улантайын деген чоң максатым бар.

Мен мектепке келгенге чейин да жогорку окуу жайында кайсы бир деңгээлде ийгиликтерди жаратып, тийиштүү сыйлыктар берилип келген. Мектепке жаңыдан келген жылы Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн мугалимдердин диагностикалык аттестациясында өзүмдүн предметим боюнча шаарыбызда алдыңкы орунду ээлеп, грамота менен сыйлангам. Муну менен катар өткөн жылы уюштурулган мугалимдердин сынагында баш байгенин ээси болуп, башкармалыгыбыздын ардак грамотасы жана кубок менен сыйлангам. Мунун менен катар Ош шаарынын мэриясынын сыйлыгы, Ош шаардык кенешинин, Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталары, Жогорку Кеңештин ыраазылык баракчасы менен да сыйлангам. Бирок ушул сыйлыктардын бирөөсүнө да өзүмдү сунуштап, тааныш салып, жүгүргөн эмесмин.

Фейк аккаунт же башка фейк маалымат булактары аркылуу интернетте жазылып жаткандай жаңы дайындалган билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен эч кандай тааныштыгым жок, болгону мен ал иштеп кеткен ОшМУда окуганмын. Ал менин «күнөөм» болбосо керек. К.Исаковду мен ректорубуз катары, ал эми учурда Билим берүү жана илим министри катары гана тааныйм. Сыйлыкты алууда жаштыгым тоскоол болсо, анда айла жок. А мен нормалдуу ойлонгон киши катары, өзүмдү бир да сыйлыкка сунуштаган эмесмин, сунушталып келемин, бардык сыйлык мен үчүн күтүүсүз болуп келген (аша чапсам кечирим сурайм, чындык ошол). Ишенимди мындан ары да актаганга бүт аракетимди жумшайм», - деп пикир калтырган жаш мугалим.


Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up