Нарын шаарынын алдыңкы билим берүү кызматкерлери сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №2 мектеп-гимназиясында мугалимдердин кесиптик майрамына карата салтанаттуу жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов жана мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери, мугалимдер катышты.

Бийлик өкүлдөрү мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ден соолук, иштериндеги ийгиликтерди каалап, шаардык кеңештин жана мэринын ардак грамоталарын тапшырышты. Нарын шаарынын мектептеринде эмгектенген 15 мугалим жана тарбиячы «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин тагынса, 14 адам Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланышты. Ошондой эле окутуу жана тарбиялоодогу үзүрлүү эмгеги үчүн айрым мугалимдер менен тарбиячыларга Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун ардак грамоталары тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up