Техника-экономикалык колледжинин алдыңкы окутуучулары сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - 2019-жылдын 4-октябрында К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Техника-экономикалык колледжинде Мугалимдер күнүнө карата «Мугалим — мөмөлүү дарак» аттуу салтанаттуу кече болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Кечени колледждин директору Ж.Шаршембиев ачып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы менен колледждин мугалимдерине келечектеги жаш муундарды тарбиялоодогу талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык кат, грамота, ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

«Мыкты дарскана», «Мыкты куратор», «Мыкты окутуучу» сынактарынын жеңүүчүлөрү да диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up