Теректе композитор К.Молдобасановдун 90 жылдыгына карата адабий-музыкалуу кече өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Терек айылында композитор Калый Молдобасановдун 90 жылдыгына арналган адабий-музыкалуу кече өттү. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 9-октябрь күнү аталган айылдагы Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинде К.Молдобасановдун 90 жылдыгына арналган илимий конференция өтүп, ага акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, мектеп мугалимдери жана окуучулар катышты.

Конференцияны Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Айна Осмонова алып барууда. Иш-чаранын жүрүшүндө композитордун өмүрү, чыгармачылык жолу туурасында баяндамалар окулуп, анын жашоо сүртүмдөрү, дүйнөлүк классикалык музыкадагы орду кеңири чагылдырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up