Баетовдун окуучулары композитор К.Молдобасановдун 90 жылдыгын белгилешти (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинин окуучулары менен мугалимдери Калый Молдобасановдун 90 жылдыгын белгилешт. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Баетов айылындагы Д.Ажиев атындагы айылдык маданият үйүндө композитор К.Молдобасановдун 90 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, мектеп директору Венера Мырзалымбекова, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Салтанаттуу кеченин жүрүшүндө улуу композитор туурасында окуучулар тарабынан даярдалган чакан сахналаштырылган сценкалар көргөзүлдү. Ошондой эле композиторго таандык музыкалык чыгармалар жаңырып, бийлер аткарылып, көркөм окуулар орун алды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up