Таласта 16 мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» болду

Билим АКИpress - Мугалимдердин кесиптик күнүнө карата Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан майрамдык кече уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечеге Талас район-шаарындагы мектептердин мугалимдери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Эң мыкты бала бакча», «Эң мыкты билим берүү мекемеси», «Жылдын мыкты мугалими-2019», «Мээримдүү тарбиячы» сынактарынын жеңүүчүлөрүнө, олимпиаларга окуучуларды мыкты даярдаган жана ЖРТнын жыйынтыгы боюнча «алтын сертификатка» ээ болгон окуучулардын мугалимдерине ардак громаталар ыйгарылды.

Ошондой эле 16 мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин тагынды.

Кече мугалимдерге арналган каалоо-тилектер, ыр-бийлер менен коштолду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up