Депутат «Билим берүүнүн мыктысы» наамын алган 23 жаштагы мугалимди коргоого алды

Билим АКИpress - «Биз мугалимдердин статусун кантип көтөрөбүз, эгер аларды мамлекеттик программа менен колдой албасак?», - деди 10 октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнура Аскарова («Кыргызстан»).

«Соцтармактарда «Билим берүүнүн мыктысы» наамын алган 23 жаштагы мугалимди кызуу талкуулап жатышат. Биз мугалимдердин статусун көтөрөбүз деп жатабыз. Бирок кантип көтөрөбүз, эгер жаш мугалимдерди колдоого ала албасак? Жаш мугалимдерди колдоо, аларга мотивация, дем-күч берүү боюнча программаларыбыз жок болуп жатпайбы. Мурун бизде «Жаш мугалимдин депозити» программасы бар эле. Бул эмне үчүн токтоп калды? Балким, ошол программаны жандандыруу керектир. Балким, жаш мугалимдерди коркутуп-үркүтпөй, мугалимдиктен качырбай, өкмөттүк деңгээлде кандайдыр бир программа кабыл алуу керек. Мен түшүнөм, 30-40 жыл иштеген мугалимдер «Билим берүүнүн отличниги» наамын алганга, албетте, татыктуу. Мугалимдерди колдоо маселесин кароо керек», - деди ал.

Тема боюнча окуңуз:

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up