Баткенде Мугалимдер күнү кандай белгиленди? (сүрөт)

Билим АКИpress - Кызыл-Кыя шаарында 8-октябрда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдын алкагында шаардагы жалпы билим берүүчү мектептердин жетишкендиктерин чагылдырган көргөзмө уюштурулуп, Баткен облусунун «Жаш мугалимдер слету» жана салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага облустун ар бир шаар-райондорунан келген мугалимдер, билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жогорку жана атайын орто окуу жайлардын, кесиптик лицейлердин кызматкерлери болуп, жалпысынан 500гө жакын билим берүү кызматкерлери катышты.

Мугалимдерди майрамы менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев куттукташып, аларга чыгармачылык ийгиликтерди каалап кетишти.

Мектептердин жамааттары тарабынан даярдалган көрүнүштөрдө жана концерттик номерлерде бүгүнкү күндөгү мугалимдер үчүн актуалдуу болгон маселелер, көйгөйлөр чагылдырылды.

Иш-чара «Кыргызстандын 50 жылдыгы» атындагы №2 орто мектебинде масстер-класс менен уланды. Билим берүү кызматкерлерине Билим берүү жана илим министрлигинин, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын, билим берүү бөлүмдөрүнүн сыйлыктары тапшырылды. Андан сырткары, пенсияга чыккан директорлорго мэрия тарабынан ыраазычылык баракчалары жана баалуу белектер берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up