Нарындагы 2 мугалимге «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарындагы 2 мугалимге «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын шаарында мугалимдердин кесиптик майрамына карата өткөн салтанаттуу жыйында билим берүүдөгү көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар мугалимдер Нарын шаардык мэриясы менен шаардык кеңештин ардак грамотасы менен сыйланды.

Ошондой эле ардагер мугалимдер Дамира Абдыкалыкова менен Нүркүл Асипбаевага «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Аларга сыйлыкты шаардык кеңештин төрагасы Жыргалбек Ботоканов тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up