Нарында кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин мугалимдери сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Мугалимдер күнүнө карата Нарын кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде эмгектенген 2 мугалим — Рахат Акылова менен Айнура Алакаева Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сыйлыкты тапшыруу салтанатына өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева катышып, мектеп жамаатына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле бир катар мугалимдер ишиндеги ийгиликтери үчүн ыраазычылык кат менен сыйланышты.

Аталган мектепте 20дан ашуун мугалим эмгектенип, 6 жаштан 60 жашка чейинки 1,5 миңден ашуун угуучуларга чет тилдери, компьютердик программалоо, ишкердик жана башка тармактар боюнча келишимдик негизде билим берип келишет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up