2019-жылдагы эң мыкты 9 мугалим (аты-жөнү, сүрөт)

Билим АКИpress - «Жүрөгүмдү балдарга берем-2019» сынагынын жыйынтыгы менен «Жылдын мыкты мугалими» номинациясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тизмеге өлкө аймактарындагы 9 мугалим кирген.

Жеңүүчүлөр Мугалимдер күнүнө карата сыйланып, аларга акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер берилди.

Мыкты мугалимдер:

1. Төлөгөнов Баяз Мойдинович — Чүй облусунун Панфилов районундагы А.Осмонов атындагы орто мектептин англис тилчи мугалими;

2. Сыдыкова Астрагүл Нурдубековна — Ош облусунун Ноокат районундагы К.Каримов атындагы орто мектептин физик мугалими;

3. Лебедева Светлана Владимировна — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы А.Осмонов атындагы мектеп-комплекстин башталгыч класстарынын мугалими;

4. Абдылдаева Роза Маматайировна — Жалал-Абад шаарындагы №! М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиянын кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим;

5. Шерматова Жанара Садыбакуновна — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы М.Баетов атындагы орто мектептин физик мугалими;

6. Алтынай Мурзаева — Баткен облусунун Кадамжай районундагы Исфайрам орто мектебинин географ мугалими;

7. Бортникова Елена Викторовна — Талас шаарындагы Р.Рысакова атындагы №2 орто мектептин орус тилчи жана адабияты мугалими;

8. Жапар кызы Бактыгүл — Ош шаарындагы П.Нышанов атындагы №50 мектеп-лицейинин географ мугалими;

9. Эсенбаева Гүлнара Асановна — Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комлекс мектеп-гимназиясынын математик мугалими.


Төлөгөнов Баяз Мойдинович


Сыдыкова Астрагүл Нурдубековна


Лебедева Светлана Владимировна


Абдылдаева Роза Маматайировна


Шерматова Жанара Садыбакуновна


Алтынай Мурзаева


Бортникова Елена Викторовна


Жапар кызы Бактыгүл


Эсенбаева Гүлнара Асановна

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up