Кадамжайдын Чечме айылындагы мектеп былтыр 900 миң сом тапкан

Билим АКИpress - Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айлындагы 1-май орто мектеби 2018-2019-окуу жылында бюджеттен тышкары 900 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын тапкан. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган мектепте ата-энелерден атайын камкорчулар кеңеши түзүлүп, алар жергиликтүү бийликке, бейөкмөт уюмдарга жана демөөрчүлөргө кайрылып, түшкөн каражатты мектептин керегине жумшашкан. Мындай демилгени аймактарда жайылтуу максатында 10-октябрь күнү «Мектептерди жакшыртуу үчүн коомчулукту иш-чараларга тартуу» долбоорунун алкагында тажрыйба алмашуу семинары өткөрүлдү.

Долбоор 2017-жылдын июнь айынан 2020-жылга чейин Кадамжай районунун 81 мектебинде иш жүргүзө турганы пландалган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up