Пакистандык студенттер жатаканадагы керебеттен орун талашып урушкан

Билим АКИpress - Эл аралык медициналык университетинде билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин ортосундагы чыр майда-чүйдө чатактан улам чыккан. Бул тууралуу АКИpress агенттигине аталган жогорку окуу жайдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Пакистандан келген студенттер университеттин жатаканасында жашашат. 2 студент эки кабаттуу керебеттен орун бөлүшө албай койгон. Экөө тең үстүңкү кабатын талашып, бири-бирине орун бошоткусу келбей, аягы чыр-чатакка алып келген.

Буга чейин Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы чет өлкөлүк студенттердин ортосунда массалык мушташ чыкканын маалымдаган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up