КМУнун ректору Т.Абдырахманов дзюдочу А.Ишенбаевди Азия кубогундагы жеңиши менен куттуктады (сүрөт)

Билим АКИpress - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов жакында Азия кубогунда 1-орунду багындырган дзюдочу Анарбек Ишенбаевди жана Япон таануу институтунун директору Айбек Самаровду кабыл алып, балбанды жеңиши менен куттуктады.

Анарбек Ишенбаев — КМУнун Япон таануу институтунун 1-курсунун студенти. Ал 5-6-октябрь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия кубогунда 90 кг салмакта күч сынашып, алтын медаль уткан.

Аталган мелдешке 6 өлкөнүн спортчулары катышкан. Анда Кыргызстандын курамасы 5 алтын, 6 күмүш жана 8 коло медаль багындырышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up