Кыргызстандык окуучулар геометрия боюнча Иран олимпиадасында күмүш жана коло медаль утушту

Адил Абдирасулов жана Барчынбек уулу Сыймык
Адил Абдирасулов жана Барчынбек уулу Сыймык

Билим АКИpress - Кыргызстандык окуучулар геометрия боюнча Иран олимпиадасында күмүш жана коло медаль утушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргызстандык 78 окуучу (7-11-класстар) геометрия сабагы боюнча Ирандын 6-дистанттык олимпиадасына катышкан.

Олимпиаданын жыйынтыгында И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин окуучусу Барчынбек уулу Сыймык коло медаль, Ош шаарындагы «Сема» лицейинин окуучусу Адил Абдирасулов күмүш медаль жеңип алышты. Эки окуучу тең 11-класстар үчүн олимпиаданын татаал вариантынан өтүшкөн.

«Келечек», «Газпром», «Сапаттын» жана Бишкектеги №61 мектептин 7-8-класстарынын окуучулары жакшы көрсөткүчтөрдү жаратып, 4-даражадагы грамоталарды алышты.

Геометрия боюнча Иран олимпиадасы быйыл 6-жолу өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 мамлекетинен 6 миң 200 окуучу катышкан. Олимпиаданын 50 тапшырмасы Россия, Польша, Улуу Британия, Вьетнам, Голландия, Македония, Косово жана Ирландиядагы авторлор тарабынан даярдалган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up