ОшМУнун ректорлук кызматына талапкерлердин документтерин кабыл алуу уланууда

Билим АКИpress - Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызмат ордуна талапкерлерди каттоо жана алардын документтерин кабыл алуу 24-октябрга чейин жүргүзүлөт.

Каттоо үчүн талапкерлер уюштуруу комитетине төмөнкү документтерди тапшыруусу керек:

- ЖОЖдун окуу жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечими;

- талапкерлердин арызы;

- талапкерлердин фамилиясы, аты, туулган жылы, иштеген жери, ээлеген кызматы жана жашаган жери көрсөтүлгөн библиографиялык мааалыматтар;

- Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 38-беренесине ылайык, мамлекеттик ЖОЖдун ректору кызмат ордуна талапкерге коюлуучу шарттарды ырастаган тиешелүү документтер.

Учурда ОшМУнун ректорунун милдетин убактылуу Кудайберди Кожобеков аткарып жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up