Кочкордо «Келгиле, окуйбуз!» долбоору өз ишин баштады (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районунан «Келгиле, окуйбуз!» долбооруна 11 мектеп тандалып алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн окуу-методикалык кабинетинин башчысы Астра Асаналиева билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор Кыргыз Республикасынын аймагындагы 900 мектепте билим алган башталгыч класстардын окуучулары үчүн инновациялык иш-чараларды ишке ашырууда.

«Долбоор жер-жерлерде кесиптик жактан ѳстүрүү иш-чаралары аркылуу жаңы ыкмаларды жайылтып жатат. Долбоор мугалимдерге жардам берип, окуучулардын окурмандык компетенттүүлүгүн ѳнүктүрүүгѳ жана ага ата-энелердин жана коомчулуктун катышуусуна кѳмѳк кѳрсѳтѳт.

Бул долбоорго Кочкор районунан 11 мектеп тандалып алынды. Натыйжада башталгыч класстардын 59 мугалими жана 11 мектеп директору, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары жана китепканачылары семинар-тренингдерге катышып, балдардын окуу жана түшүнүү жѳндѳмүн күчѳтүү боюнча билимин жогорулатышты.

Ошондой эле долбоор тарабынан кошумча окуу үчүн 58 аталыштагы 378 миң 467, анын ичинде 253 миң 859 кыргыз тилиндеги жана 124 миң 608 орус тилиндеги китептер өлкөдөгү мектептерге таратылууда. Кошумча окуу үчүн китептерден тышкары мектеп китепканаларына кыргыз жана орус тилинде балдардын сѳз байлыгын ѳстүрүү, окуу жана окуганын түшүнүү кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүүгѳ багытталган 3 миң 165 топтом флэш-карталар, методикалык бирикмелердин башчылары үчүн 900 даана кыргыз жана орус тилдеринде «Окууга үйрѳтүүдѳ мугалимдерге усулдук колдоо кѳрсѳтүү» методикалык колдонмосу, окуудан ѳткѳн мугалимдер, китепканачылар жана методисттер үчүн сертификаттар берилүүдѳ», - деди А.Асаналиева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up