Билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын которуу автоматташтырылат

Билим АКИpress - Билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлык акысын эсептөөнү автоматташтырылган системага которуу пландаштырылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, министрлик бул программаны иштеп чыгуу үчүн учурда техникалык талаптарды даярдап жатат.

«Билим берүү тутумундагы кызматкерлердин айлык акысын автоматташтырууга которуу менен буга чейин аныкталып келген негизсиз маяна алган «өлүү жандарды» жокко чыгарууга жана эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт.

Учурда борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлери айлык акыны которуу эсебин кагаз түрүндө жүргүзүп келишет. Айрым район, шаарларда эмгек акыны төлөө боюнча ченемдик-укуктук актылар бузулган учурлар кездешет.

Эсептөө палатасы, прокуратура, каржы полициясы текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары катталганын тастыктайт. Көбүнчө эмгек акыны жана стимулдук фондду негизсиз которуу, каражатты максатсыз пайдалануу жана бухгалтердик эсепти туура эмес жүргүзгөн учурлар аныкталган. Бул билим берүү кызматкерлерине эмгек маянасын эсептөөдөгү бирдиктүү системанын жоктугун билдирет», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up